Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соода-сатык-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-британ аралык комиссияны түзүүнү сунуштады. Ал өз сунушун 13-июнда Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен падышачылыгынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Саида Варси менен болгон жолугушууда айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Сатыбалдиев Кыргызстанга Улуу Британия элчилигинин өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен эки өлкө ортосундагы кызматташуунун жакшы тенденциясы байкаларын белгиледи. “Соода-сатык-экономикалык кызматташуунун бүгүнкү күндөгү абалы Кыргызстанды да, Улуу Британияны да канааттандырбайn”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле ал 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги приоритеттери тууралуу айтып өттү. Өз кезегинде Саида Варси Улуу Британия Кыргызстан менен соода-сатык-экономикалык багытта тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.