Венесуэланын президенти Николас Мадуро: "Уго Чавестин арбагы мага чымчык болуп көрүнүүдө"

Венесуэланын президенти Николас Мадуро (сүрөттө) 12-июнда өлкөнүн мурунку президенти, маркум Уго Чавес кайрадан көзүнө чымчык болуп көрүнүп жатканын айтып, көпчүлүктү таң калтырды. Мерида штатында коомдук иш-чарага катышып жаткан Мадуро "Кара, карагыла, бул чымчык мени издеп жатат. Ал бул жерден учуп өттү, андан соң менин ойлонуп жатканымды айтты. Бул чымчык бактылуу, анткени мен иштеп жатам",- деп сүйлөдү президент. Мадуронун минтип Уго Чавести чымчыктын образында көрүп жатканы экинчи ирет кайталанды. Биринчиси апрель айында Венесуэладагы президенттик шайлоо алдында болгон. Анда президенттикке талапкер Мадуро Чавестин арбагы кичинекей чымчык аркылуу белги берип жатканын билдирген болчу. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан