"Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай өлкө, ошол эле мезгилде Кыргызстанга технология жаатындагы адистер жана инженерлер жетишсиз",- деди “POSCO” корпорациясынын башкарма кеңешинин төрагасы Чонг Жон Янг 13-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу учурунда. Жолугушууда Чонг Жон Янг корпорация технологиялык илимдер жагында адистештирилген дүйнөдөгү алдынкы окуу жайлардын биринен билим алуу үчүн кыргыз жаштарына стипендия бөлүүгө даяр экендигин белгиледи. “Бүгүнкү күндө, биздин түздөн түз катышыбыз менен түзүлгөн университет, дүйнө жүзү боюнча техника жаатындагы авторитеттүү жогорку окуу жайлардын бири. Кыргызстанда жаратылыш байлыктары кенен, бирок аларды иштеткен адистер жетишпейт. Биз ошол боштуктун ордун толтурууга даярбыз жана кыргызстандык жаштарды компаниянын эсебинен окутууну сунуштайбыз”,- деди Чонг Жон Янг.
Премьер-министр мындай сунуш үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, жакынкы күндөрдө бул багытта иштер башталарын белгиледи. “Кыргызстандагы экономиканын флагманы болуп жакында тоо-кен тармагы жана энергетика сыяктуу чөйрөлөр саналып калат. Бизге бул чөйрөлөрдөгү күчтүү адистер керек жана биз инвесторлордун сунуштарын сөзсүз түрдө пайдаланып, кыргызстандык жарандарды Кореяга окууга жөнөтөбүз”, - деди Сатыбалдиев.