Бүгүн, 14-июнда Иранда президенттик шайлоо өтүп жатат, ага 6 талапкер ат салышууда. Маалыматка ылайык, Тегерандын мэри Махаммадбакир Калибаф менен реформачыл саясатчы катары таанылган мурдагы элчи Хасан Роухани негизги атаандаштар катары аталууда. Шайлоодо 1-турдун жыйынтыгы менен эч бир талапкер шайлоочулардын жарымынан көп добушуна ээ болбосо, 2-айлампа 21-июнда өтөрү белгилүү болду. Учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад 4 жылдан 2 мөөнөт президент болгондуктан, Конституция боюнча, үчүнчү жолу президенттикке ат салыша албайт. Кошумчалай кетсек, шайлоого Кыргызстандагы иран жарандары да катыша алышат. Алар президенттик шайлоо үчүн өз добуштарын Ирандын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө беришмекчи.