ЭЛДИК КАБАР: "Сауд Арабияда 80 улуттун өкүлдөрү катышкан маданий көргөзмөдө Кыргыз мамлекети 1-орунду ээледи" дейт окурман

"Сауд Арабия мамлекетиндеги Мадина шаарында эл аралык каада-салт жана маданий көргөзмө болуп өттү. Ага жалпысынан 80 өлкөнүн өкүлдөрү катышып Кыргыз мамлекети 1-орунду ээледи", - деп билдирди бүгүн, 12-мартта "Элдик кабар" рубрикасына окурман.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 10 күнгө созулуп, анда түрдүү улуттардын улуттук маданияты, каада-салты көрсөтүлдү.

"Сыйлыкка унаа белекке берилди. Бул жалпы Кыргыз элинин сыйлыгы жана сыймыгы. Биз, студенттер Кыргызды дүйнөгө таанытууда салымыбызды кошо алдык деген терең ишеничтебиз. Себеби иш-чарага Мадина шаарындагы университеттеги 110дон ашык мамлекеттен келген студенттер жана дүйнө жүзүнөн умрага келген зыяратчылар күбө боло алышты", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Azat.97
2018-03-12 11:53:38
Азаматтар.Кыргызстан деген жазуу желегибиз боз уйубуз козго соонун корунуп кетти.
+21
Ermekbai
2018-03-12 11:54:40
Азаматсыңар сыйлыгыңар куттуу болсун.
+17
Makain
2018-03-12 12:06:11
Желекти туура кармаганды уйронгулочу
-4
Pandora
2018-03-12 12:35:42
Makain,+++ Туппа тууру!!! Качан караба тундукту жерге каратып суротко тушушот.Тундук деген жогору карап туруу керек
-2
Mirlan27011987
2018-03-12 12:15:05
Куттуктайм. Арабтар деле билишсин. Кыргыз деген улут бар. Озунун маданияты, каадасы менен. Анан дин десе эле арабтардын салтын, маданиятын озубузго синирбейли.
+10
Pandora
2018-03-12 12:36:18
Куттуктаймын!!! Уюшуп каиышкандарга чоон рахмат!!!
+3
pat12
2018-03-12 13:46:08
Негизи Сауд Аравияда акыркы кундору коп озгоруулор болуп жатат. Жаны келген жаш принц диний башкаруудан, светтик башкарууга отуп жатат окшойт. Ошол туура. Ошон учун ар кандай маданиятты уюштуруп арабтардын ан сезимин жаныча тузгусу келип жатат. Болбосо динден чыкпай калган жаштары жашоодон арта калганын тушунуп турушат.
-6
Refiri87
2018-03-12 14:06:03
pat12,жоорубочу алар иштебесе да акчасы жетет олгучо шарият менен жашаган кучтуу олко алкаш бомж кариялар уйу балдар уйу сойку кана бакшы доругучтар жок олко светтиги жок жетишип жашашат корупция деген жок адам Оз пейлин ондош керек бироону айтарда
+4
Mirlan27011987
2018-03-12 16:06:32
Refiri87,
Арабтарга болушпай эле кой.
-3
moskoy
2018-03-13 00:01:59
Refiri87,Сен биринчи барып козун менен коруп анан айт кучтуубу же кимдин арты менен кучтуу болгонун .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан