Бүгүн, 22-октябрда саат 19:40та Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө люстра сатылган кампа жана контейнер өрттөндү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Аймак курчоого алынып, коомдук тартипти жана коопсуздукту 200дөн ашык милиция кызматкери камсыздап жатат.
Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда окуянын жагдайлары такталууда.
Кошумча маалымат берилет.