ЭЛДИК КАБАР: "Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн мугалимдеринин айлыгынан гезитке деп 200 сомдон кармап калышат" дейт окурман

"Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептердин мугалимдеринин айлык акысынан гезитке деп акча кармап калат", - деп окурман бүгүн, 12-мартта WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" билдирди.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, мугалимдерге айлык которуларда эле 200 сомдон гезитке деп алып калышат.

"Ноокат таңы" жана "Билим жарчысы" деген гезиттерге акча алып калат. Ошондо бир жылда 1 мугалимден 2000 сом кармалат, бул мугалимдер үчүн чоң эле зыян. Ал гезиттерди алгандан кийин эч ким окубайт, атайын сатып алгандар дээрлик жок", - деп жазат ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
almanbetperm
2018-03-12 14:56:52
Же жаны сандары болсочу, алты ай мурунку гезиттер
+1
Berliane123454
2018-03-12 15:07:29
Бардык эле мамлекеттик ишканаларда газета-журналдарга жазышып маянадан акча алып калышат. Бул закон ченемдуу корунуш. Бир ишканадан жумушчунун санына жараша 2-3 тон гезит-журналдарга ар бири жазылышат,хоть ты этого хочешь или нет....
+3
take19
2018-03-12 16:16:51
Газетага бардык эле мекеме жазылат. Жазылгандан кийин кайсыл эски газетаны бермек эле, жаңы эле газета беришет. Бир жылга 200 сом көп деле болбойт. 4 пачка тамекинин баасы экен.
-1
Biinura
2018-03-12 18:53:46
take19,бир айга 200 экен.
+1
dair_17
2018-03-12 16:58:40
Автор смартфон сеники, мындай кабарды биринчи угушум
0
Ermekbai
2018-03-12 17:38:23
Эртең директор чыгат эми биз мындай биз андай деп. Айтмакчы Мугалимдердин айлыгы банкомат карточкага которулуп жатты элего же Кулатовдо андай жокбу. Газетага акча деген негизи туура маселени айтыптыр зордоп эле сатышат. Өтпөгөн газетаны эл окубаган газетаны азыраак санда чыгарса.
+1
jalgyzymsyn
2018-03-12 17:40:41
Жоопкерчилике тартуу керек озу аз маяна болсо ошондонда гезитке башкага деп... откондо кадамжай районуна мектепке бишкектен комиссия келет деп ар бир мугалимден 2000 сомдон акча жыйнашты. Не комиссиялар жетимби. 5000 айлык алган мугалимдер не кылат
0
BBB88
2018-03-12 17:44:48
Неге мынча коп койгой биздин кыргызстанда...демократия демек ким кааласа алат газетаны каалабаса тамеки алат 200сомго 4пачка
+1
shankol88
2018-03-12 18:49:29
Окуучуларданда газетага деп акча чогултатгоо.ал газетаны көрбөй деле ушуну жакшылап текшерип койушса жакшы болмок...
0
lenin1870
2018-03-12 19:53:55
Ой туугандар мугалим толочу беле окуучулар 5сомдон чогултушту балдарым гезитке деп алып кетишти.конул деле бурбапмын гезитине.ноокат таны гезитине да кыйын болду кайда сатарын билбейт.айла жок мажбурлап мектептерге сатыпатат.кулатов мугалимдери алып окугула мээнер орчуйт окуган сайын.
0
lenin1870
2018-03-12 20:02:55
Европадан крга комиссия келген экен биздин атка минерлер алдына тушуп жугуруп косяктар билинип калбасын деп дасторкон жайнатып гостиницаны бекер кылышат экен.мындайды коргон комиссия айтат экен силер омур бою онукпойсунор деп.биздикилер европага барса баары оз карманынан обеди гостиница .аларда биздикиндей корунуш жок подхалимство
0
aiman1983
2018-03-13 00:31:43
Мектепте мугалим болуп иштеп болбой калыптыр, айлыгы ото аз, балдарды эле окутпай,отчету,тесттери,календардык планда жок иштер ото коп. Бир саатка 65сом толойт экен. Бул орто мектептерде. Балдардын уйуно чейин барып, мугалимдин укугу кордолгон заман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан