Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтү "менчик үйүн камсыздандырбаган тургундарга маалымат берилбейт" деген кулактандыруу жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик жөлөк пул да чыгарбайбыз деп коркутуу жолу менен айыл тургундарын кыйнап жатат. "Үйдү камсыз кылыштын жөлөк пулга кандай тиешеси бар?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.