ЭЛДИК КАБАР: "Ош облусундагы ооруканада Кыргыз желеги көптөн бери тескери илинип турат" дейт окурман

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылындагы ооруканада Кыргыздын желеги көптөн бери тескери илинип турат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 14-мартта "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ишкаван айылында оорукананын чатырында Кыргыздын желеги көптөн бери тескери илинип турат. Бул желекти оңдоп илип койгонго киши жокпу?" - дейт окурман.

Ошондой эле окурман мамлекеттин символу болгон желекти илип жатканда ишкананын жетекчилиги эмне себептен анын туура илинишин көзөмөлгө албагандыгына кызыккан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Timonbay
2018-03-14 15:09:00
Закон боюнча мамлекетке караштуу обьектилерде желек коюлат. Бизде ушул да, желек тургузуу керек десе илип коёт, ал тескериби оңбу ага маани беришпейт.
+3
Timonbay
2018-03-14 15:11:05
За то желек коюлду эсеп болот
0
kiana
2018-03-14 15:34:37
Боз уй антарылып калгандай болот екен
+1
BBB88
2018-03-14 20:30:31
Маскарапоз
0
BBB88
2018-03-14 20:37:16
Сабы жыгачко
0
muslim87
2018-03-14 20:56:34
Дароо эле элге жария кылбай ошол жерге барып оңдоп койгула деп айтып койсо болмок экен. Өзүнүн айылын жалпы элге уят кылбай.
+3
BBB88
2018-03-15 00:03:18
muslim87,эн туура
+1
BBB88
2018-03-15 00:08:12
Аны айтыш учун акыыл керек бул тууганыма
+1
abon
2018-03-15 12:39:31
коптон бери деген созуно караганда озу да карап журо берген окшойт. бул нерсени адамгерчилик учун да озу ондоп коё берсе болмок же жетекчиликке айтса алар дагы адам, тушунушот. Адам анчалык эле эгоист болбош керек!
0
Taalai94
2018-03-20 00:42:09
Сен илип койда ондоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан