Кара-Кулжада дарыяга агып кеткен адам дале табыла элек

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дарыяга агып кеткен 44 жаштагы М.М. аттуу жаран дале табыла элек. Издөө иштери улантылып жатканын бүгүн, 19-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"18-март күнү 8 куткаруучу издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон жок. Бүгүн дагы издөө иштери улантылат", - деп билдиришти.

Белгилей кетсек, 27-февраль күнү аталган райондогу Терек-Суу айылынын тургуну балык уулоого кетип баратып, Тар дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан