ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: "Ырым-жырымга ишенгендиктен туулган күнүмдү белгилебейм" дейт ырчы Назми

Бүгүн эстрада ырчысы Назми 40 жашка толду. Чыгармачылыктагы тыныгуудан кийин сахнага өзгөчө стиль менен кайтып келген ырчы туулган күнүн 21-Март - Нооруз майрамынан кийин белгилей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"40 жашты белгилебейт экен. Үй-бүлөбүз менен ырым-жырымдарга маани берип, ишенебиз. Мындан улам бир күн мурда эле жолдошум, кыздарым туулган күнүм менен куттукташкан. Ал эми туугандарым, жакын санаалаштарым "40ка чыгып жатсаң белгилебей коёсуңбу?" дейт. Жакындарымдын көңүлүн кыя албай Нооруздан кийин чакан кече кылалы дедим", - дейт ырчы.

Ырчы Назми 1978-жылы 20-мартта Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү Байзакова Назми Дүйшенбековна. Алгач сахнага "Алдаба" аттуу ырды аткарып чыккан. Ырчы өзүнүн аткаруусундагы "Таарынчаакмын", "Жүрөм сени таппай", "Келчи кайра" деген ырлары менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Ырчы айым Талант аттуу мырзага турмушка чыгып, 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

20-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sinej
2018-03-20 10:16:59
Ырым жырымдарга такыр ишенбейм. Негизи адам канчалык коркок болсо ар кандай ырым жырымдарга ишенуу пайда болот. Эч нерседен кокпош керек. Корксо да кой олот, коркпосо да кой олот. Жашоодо баарды табигый нерсе. Уядан эмнени корсок учканда ошону алып журо беребиз.
+3
Mirlan27011987
2018-03-20 10:31:10
Салты коптун - саанасы тынбайт,
Ырымы коптун - ырысы жукпайт.
+1
moskoy
2018-03-20 11:36:29
Mirlan27011987,же болбосо ырысы жоктун ырымы куч.
+1
Refiri87
2018-03-20 10:48:56
Биз озу ото аша чабып кетебиз салт санаага келгенде той откорсок телегейибиз тегиздей россход ыссырапкорчулуккту массалык турдо тыйышыбыз керек куру намыс дебей
+3
erlan2196
2018-03-20 11:39:21
Сексуальная экен го. Туулган кунун белгилебегени жаман экен. Ото эле ырымчыл болуп кереги жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан