Түркияда киши колдуу болуп каза болушу мүмкүн делген 26 жаштагы кыргыз кыздын туугандары табылды

Түркиянын Денизли аймагында каза болгон 26 жаштагы Кыргыз кызынын туугандары табылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Маркумду интернет аркылуу туугандары билип, ата-энесине угузушту. Биз учурда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.

Эске салсак, кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең менен саат 9:40 чамасында Памуккале районундагы унаа жолунан табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.кызы Ы. болгон. Учурда бул боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ал эми Тышкы иштер министрлиги алган маалыматтарга ылайык, учурда кыздын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызды унаа тебелеп каза болушу мүмкүн. Анын боору жана өпкөсү эзилип кеткен.

Ал эми чет элдик басылмалар маркум кыз муунтуп өлтүрүлүп, андан соң үстүнөн унаа тебелеп кеткенин жазышууда. Окуядан алыс эмес жерден каза болгон кызга таандык паспорт жана уюлдук телефон табылган. Анын жансыз денесин эртең менен талаадан келе жатышкан адамдар көрүп, полиция кызматына кабарлашкан.

Түркияда Кыргыз кызынын жансыз денеси талаадан табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
engel
2018-03-20 17:21:06
Байкуш ай. Бир Кудай билет эмне болгонун. Мумкун бироо олтуруп туруп машина тебелеп кетти болуп билинбей калсын деп жолго таштап койду.... Ата энесине эле кыйын болду да
+7
nuri1
2018-03-20 17:30:31
Жашоо кандай болсо, олум да ошондой.
-9
vavilon.
2018-03-20 18:15:20
Жайы бейиштен болсун! Жыргаганынан барбагандыр Турцияга.
+11
iskend
2018-03-20 19:48:40
Жайы жаннаттан болсун.эх кыргызым четте журуп кырылмай болдукко
+4
bantik
2018-03-20 21:57:00
Журок ооруйт, кыйын жашоо. Олко чиновниктери карапайымдары ойлочу учурду корот болдук бекен
+2
Boldukan86
2018-03-21 00:07:30
Турктордун закону иштейт. Козжаздымда калтырбайт деп ишенебиз. Кыргыз аялды ур токмокко алган милицияны да жумуштан бошоттуго сразу
+5
bantik
2018-03-21 08:34:59
Мамлеке таарабынан эч нерсе камсыздалган эмес, ар ким ар кайсы жакта урунуп-беринип журот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан