Түркиянын Денизли аймагынан 26 жаштагы кыргыз кызынын сөөгү табылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең менен саат 9:40 чамасында Памуккале районундагы унаа жолунан табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.кызы Ы. болгон. Учурда бул боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ал эми Тышкы иштер министрлиги алган маалыматтар боюнча учурда кыздын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызды унаа тебелеп каза болушу мүмкүн. Анын боору жана өпкөсү эзилип кеткен.
"Учурда каза болгон кыздын жакындарын эртерээк табуу маанилүү болуп жатат, андыктан биз издөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Балким, алар уга элек да болушу мүмкүн", - дейт мекеменин басма сөз кызматынан.
Ал эми чет элдик басылмалар маркум кыз муунтуп өлтүрүлүп, андан соң үстүнөн унаа тебелеп кеткенин жазышууда. Окуядан алыс эмес жерден каза болгон кызга таандык паспорт жана уюлдук телефон табылган. Анын жансыз денесин эртең менен талаадан келе жатышкан адамдар көрүп, полиция кызматына кабарлашкан.