Бишкекте апасы менен жолдон өтүп бара жаткан кызды учура сүзгөн унаанын айдоочусу кармалды

Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон апасы менен өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа Бишкек шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринен табылган.

"Жол кырсыгына кабылганы байкалган белгилери менен 19-март күнү ВАЗ-21150 үлгүсүндөгү унаа табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн алкагында унааны жол кырсыгы болгон күнү 32 жаштагы Б.А. аттуу жаран айдап жүргөнү аныкталып кармалган. Ал унааны буга чейин ижарага алып айдап жүргөнүн, жол кырсыгы болгон учурда апасы кызы менен жолду туура эмес жерден кесип өтүүгө аракет кылышып чуркап чыга калганын айткан. Шектүү жабырлануучуларды Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы ооруканага жеткирип, андан кийин унааны ээсине кайтарып бергени кетип калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 19-февралда саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда жолдон апасы жетелеп өтүп бара жаткан наристе кызды унаа бир нече метр аралыкка ыргыта сүзгөн. Жол кырсыгынын кандай болгону видеого түшүп калган. Ал эми кыздын атасы Ырысбек Шаршеев кызы жаракат албаганын, аялынын абалы да жакшы экенин жана эч кимге доо арызы жок экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Paol
2018-03-21 13:07:23
Ушул убака чейин журогу чыдап кантип качып журду десен
-3
aman0296
2018-03-21 13:22:44
Атайын сузгон жокта. Апасы менен келишип алган
+4
Arman7
2018-03-23 05:31:29
aman0296,Эн туура жазгансын мен дагы ошентип ойлойм корунуп туратго оздору чыга калышканы
0
abusait
2018-03-21 13:36:10
Оздору туура эмес жерден чуркап чыгышкан. Айдоочуну саан уйдай саашат эми.
+4
nurhan2702
2018-03-24 14:05:23
Видеосун баарыбыз эле кордук. Туура эмес жерден оздору чыга калган, ошону учун доо арыз жазбады да. Айдоочуларды эле куноолой бербей жоо жургунчулор абайласак жакшы болмок. Азыр адамдар машинадан коркпойт, тескерисинче машина адамдан коркуп айланып отот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан