19-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы жетелеп бараткан секелек кызды унаа бир нече метр аралыкка ыргыта сүзгөн видео тараган. SUPER.KG сайты кыздын атасы Ырысбек Шаршеев менен байланышты. Анын айтымында, кызынын абалы жакшы, эч кандай жаракат алган эмес. Буга байланыштуу алар ооруканага жатууга негиз жок деп чечишкен.
"Кызымды ооруканага алып барып текшерттик, эч кандай жаракат албаптыр, учурда үйдө. Аялымдын да абалы жакшы, эч кимге эч кандай доом жок", - дейт Шаршеев.
Ал эми унаанын айдоочусу тууралуу сурообузга ал мындайча жооп кайтарды: "Ооба, видеодон унаа кызымды катуу сүзгөндөй көрүнөт, бирок кызым жакшы, айдоочу боюнча тийиштүү кызматкерлер келип сурап кетишкен. Мен эч нерсе айта албайм, укук коргоо органдары "эч нерсе айтпа" деп жатышат", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыгы аталган видеонун чоо-жайы иликтенерин, бирок ал видео менен ЖМКларда жазылып жаткан маалыматтар дал келиши белгисиз экенин билдиришкен эле.