Нооруз майрамында төрөлгөндөрдүн катарында ырчы Нооруз Алымбаев да бар. Ал бүгүн, 21-мартта 27 жашка чыкты.
"Туулган күнүм мен үчүн өзгөчө майрам. Кичине кезимде менин туулган күнүмдү бүтүндөй кыргыз эли майрамдап жаткандай сезилчү. Элдин баарынын маанайы жакшы, боз үйлөр тигилип, улуттук оюндар көрсөтүлүп, кыскасы Нооруз майрамына арналган иш-чаралардын баарын мага карата жасалгандай кабыл алчумун. Ал сезимдер азыркыга чейин сакталып келе жатат. Бул жолку туулган күнүм 21-марттын алгачкы мүнөттөрүндө эле башталган. Досторум, тааныштарым телефон аркылуу куттукташты. Кечинде достор менен чогулабыз", - дейт ырчы.
Нооруз Алымбаев 1991-жылы 21-мартта Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда туулган. Ал бала кезинен ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчу. Мектепте кечелерде ырдап, кийинчерээк "Ак марал" бий ансамблинде бийлеген. Көпчүлүккө казактардын "Көк жөтөл" аталышындагы элдик ырын кыргызча ырдап таанылган.
21-марттын жылнаамасы.