ТИМ: "Түркияда каза болгон Кыргыз кызынын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө"

Түркияда каза болгон 26 жаштагы Кыргыз кызынын сөөгүн алып келүү боюнча Кыргыз элчилиги, Кыргыз диаспорасы жана туугандары менен бирге иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Биздин элчилик 20-мартта Денизли прокуратурасы менен байланышып, кылмышка шектүү Түрк жаранын камакка алуу боюнча соттун биринчи чечими чыкканын билдик. Ал эми алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран Кыргыз кызы менен бардан таанышкан. Андан соң мас абалында шектүү Ж.кызы Ы. экөө анын унаасы менен кетишкен. Алардын ортосунда уруш чыгып, кыз унаадан түшүп кеткен. Шектүү катуу ылдамдык менен унаасын артты көздөй айдаганда кызды байкабай тебелеп алганын айтып берген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Учурда тергөө иши жүрүп жаткандыктан элчиликке дагы да маалыматтарды алуу боюнча кайрылдык деп кошумчалайт аталган мекеменин маалымат кызматы.

Эске салсак, кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең менен саат 9:40 чамасында Памуккале районундагы унаа жолунан табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.кызы Ы. болгон. Учурда бул боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ал эми Тышкы иштер министрлиги алган маалыматтарга ылайык, учурда кыздын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызды унаа тебелеп каза болушу мүмкүн. Анын боору жана өпкөсү эзилип кеткен.

Ал эми чет элдик басылмалар маркум кыз муунтуп өлтүрүлүп, андан соң үстүнөн унаа тебелеп кеткенин жазышкан. Окуядан алыс эмес жерден каза болгон кызга таандык паспорт жана уюлдук телефон табылган. Анын жансыз денесин эртең менен талаадан келе жатышкан адамдар көрүп, полиция кызматына кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MNK.88
2018-03-22 13:27:16
Жайы жаннаттан болсун. ХХХХ журуптурбу кафеде. Биронун жеринде жон еле ..... Журбоптурда
0
JANNAT2015
2018-03-25 04:39:24
Бут баары калп байкуш кызды куч менен машинага салып зордуктаганга аракет кылышыптыр кыз деле озуну коргонго аракет кылган анан кийин эчким билбесин эчкимге айтпасын олтуруп салган эми анын баарын эчким тактабайтта кыргыз жарандары чет олкодо олтуруп эле атышат эч качан кыргыз элебиз жакшы соз аткан кыргыздар оздоруну эле шерменде кылышат жаман айтып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан