Нияз Абдыразаков буга чейин үйлөнүп, ажырашканын ачыкка чыгарды

Шоу дүйнөсүндө ырчы, аранжировкачы катары таанылган Нияз Абдыразаков көпчүлүккө бойдок экенин айткан. Буга чейин жеке жашоосун табышмактай катып келген ырчы SUPER.KG порталына мындан 6 жыл мурда үйлөнүп, бирок эки ажырым жолго түшкөнүн айтып берди.

"Мен 22 жашымда, жубайым 18 жашында баш кошконбуз. 1 жарым жыл чогуу жашап, балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Жылдызыбыз келишпей калдыбы же жаштык кылдыкпы, айтор түшүнбөстүктөр болуп кетти. Жарашууга даяр болчумун, бирок жубайымдын алдына барып "жарашалы" деп айткан жокмун. Ал оюм ичимде эле калып кетти. Ата-энем да жарашып алгыла деп айтты. Тагдырыбыз бир эмес окшойт, кайрадан чогуу боло албай калдык. Азыр кызым Дияра 5 жашка чыкты. Таене, таятасынын тарбиясын алып жүрөт. Кызым экөөбүз байма-бай жолугуп, көрүшүп, сагынычыбызды таратып турабыз", - дейт ырчы.

Ырчынын бул тууралуу маегин "Супер-Инфо" гезитинин эртең жарык көрчү жаңы санынан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Cibek
2018-03-29 21:18:47
Жакшынакай болуп озуно окшош экен эч ким ажырашпаса балдар ата эненин тарбиясын алса
+5
Cibek
2018-03-29 21:36:51
Нияздын дагы башка кененирээк интервьюсунун ссылка жиберип койгулачы админ рахмат
0
admin_portal
2018-03-30 08:20:57
Cibek, Саламатсызбы!? Нияз Абдыразаков, ырчы: «ТОКТОЛУП, ЖАКШЫ АДАМДАРДЫН КАТАРЫНА КОШУЛУП КАЛДЫМ»
https://www.super.kg/article/show/38633
0
Benazir08
2018-03-29 21:45:35
Эми ажырашыптыр конуп калышыптыр жарашканда не толк кыздын куну отпой калды дейсинби аялы буну карап турабы сыягы жаштык кылышкан го убагында суйуп куйуп алып. Кызы Иляз абасына окшош экен
-1
Benazir08
2018-03-29 21:47:28
Нияз да кучтуу эрктуу эркек экен да эмдигичен аялы ой эле ой деп чачын жулуп тытынып мен аялымын деп чыкмак. Эгер Нияз норм камсыз кылып турбаса. Жакшы кем кылбай берчусун берип оз жолуна салып турган учун жашыруун бптур да
-3
karakulja
2018-03-29 22:20:18
А туззуксун бала. Гулжайнани алып ал эми.
+5
Aznazalai
2018-03-29 22:22:44
Бакыт Байсариев да ажырашып кеттим дейби?Бойдок болсо керек дечумун
0
aadanova14
2018-03-29 22:38:40
Aznazalai,ал аялын,балдарын таштап башкага уйлонгон эле. Аны менен да ажырашыптырбы?
+3
aszyma
2018-03-29 23:04:37
aadanova14, ооба
+1
Dina.janym
2018-03-29 23:19:28
Причём тут, Бакыт Байсариев.. (((
-1
yrchy_jigit
2018-03-29 23:27:24
Ошондо кызы торолгондо уйлонгон окшойт да ☺️☺️☺️
-1
Pandora
2018-03-29 23:37:04
Жарашкын келсе,ата-эненда бирге болушунарды кааласа,жакшы болгон учун каалап жатат да, жарашып алда,азыр деле кеч эмес эгер ал турмушка чыга элек болсо.Ал кезде экобун тен жаш болдунар,ойунарга келгенди оттоп суйлогон кез экен.
0
JaneEr
2018-03-29 23:53:38
Ильяз Абдыразаковдун иниси эмеспи же башкабы?
+1
bakulya2015
2018-03-30 01:09:56
Нияз акенин озуно окшош экен кызы. Омурлуу,бактылуу кыздардан болсун!
0
Djal1987
2018-03-30 03:26:22
Кыйратыпсын. Колунардан келгени ошол.
0
gul-bibi9109
2018-03-30 07:31:58
Билет болсун кантип үйлөнгөнүнө качан ачыка чыгарат дечүмүн, азамат чистая признания.
0
airada
2018-03-30 13:07:31
Кызы дагы. озу дагы аябай сулуу го
0
raykray
2018-03-30 14:49:50
Жараш керек болсо тизе бугуп барып!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан