Кыргыз эстрадасынын коңур үндүү ырчысы Фарида Карбозова 37 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык. Ал SUPER.KG порталына туулган өзгөчө майрам экенин, жыл сайын жакын адамдарынын курчоосунда тосорун билдирди.
"Негизи туулган күнүмдү дайыма тар чөйрөдө өткөрчүмүн. Бул ирет чыгармачылыктагы эже-сиңдилерим менен кече өткөрүүнү ойлонуштуруп койдум. Ал эми куттуктоолор 23-мартка караган түнү башталган. Уктап жатсам чыгармачылыктагы курбуларым телефон чалып ойготушуп, күтүүсүз белектерди жасашты", - дейт ал.
Фарида Карбозова 1981-жылы 23-мартта Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылында төрөлгөн. Айылдагы Ак-Сай орто мектебин аяктагандан кийин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, андан кийин Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында музыкалык билим алган. Репертуарындагы ырлары "Ак шумкарым", "Жоогазын", "Кантип мен танам?" жана башкалар.
23-марттын жылнаамасы.