Футбол боюнча улуттук курама команда Бишкекке кайтып келди

Футбол боюнча улуттук курама команда Бишкек шаарына кайтып келди. Алар эртеңден баштап Индия менен болуучу беттешке даярдык көрө баштайт.

Ал эми кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тайпадан биринчи орун менен чыгарына ишенип турганын айтты.

"Биринчи кезекте бүткүл Кыргыз өлкөсүн жеңиш менен куттуктайм. Кийинки беттешке даярдык жакшы, биз тайпадан биринчи болуп чыгабыз деп турабыз. Бардык күйөрмандарды 27-мартта оюндан күтөбүз", - дейт Крестинин.

Ал эми курама үчүн алгачкы жолу гол киргизген Ислам Шамшиев менен Бекжан Сагынбаев кийинки оюндарда да гол киргизүүгө бар күчүн жумшай турганын билдиришти. Мындан сырткары, команданын капитаны Азамат Байматов буга чейинки эки аракетте Азия биринчилигине өтө албай калганын айтып, 2019-жылы орун алчу чемпиондукта татыктуу оюн көрсөтөрүн айтты.

Белгилей кетсек, Кыргыз курама командасы Мьянманы 5:1 эсебинде жеңип алган. Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, беттештин мыкты оюнчусу аталган. Ошондой эле бул беттеште Ислам Шамшиев, Виталий Люкс жана Бекжан Сагынбаев бирден гол киргизишкен.

Футбол боюнча улуттук курама команда Бишкекке кайтып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
BBB88
2018-03-24 21:46:11
Тосуп алган эчким жокго
+4
Mina24
2018-03-24 22:02:15
Тосуп алсанар болмок кап окунучттуу тарыхта биринчи ирет чыгып атсак бизге бул чоон женишта
+9
manaas
2018-03-24 22:27:27
Яшагила жигиттер, аста секин хаммасини женесинер.
0
Ali-han
2018-03-24 22:51:52
Памирлик кыргыздар эмне болушту? Супер инфо ошолордон кабар алып койсоңуздар! Футболисттерге ийгилик каалайбыз!!!
+1
Nursultan.92
2018-03-24 22:56:13
Буйруса 27 де Индия менен ойнойт,ийгилик жеңиш каалайбыз толка перед
+1
nargiz94
2018-03-25 01:51:41
Nursultan.92,орусча жаза албагандан кийин, кыйналбай эле кыргызча жаз да. "Толка перед"
эмес "только вперед!" болот.
+2
take.kg86
2018-03-24 23:05:13
Алга кыргыз алга
0
Azat.97
2018-03-24 23:34:34
Телефон менен тартканбы суротко?
+1
love.me.again
2018-03-25 04:49:02
Azat.97,болгондо да кирпич Нокиа менен тууганым ))) буларга не жжарай берет деген суроттой кылып аттин
+2
Kuba-savai87
2018-03-25 02:04:47
27-барабыз колдоп беребиз албетте
+3
umar.kgz
2018-03-25 02:28:07
27си баарын келгиле оюнга
+2
barsbegKG
2018-03-25 02:55:52
Тарыхый күн болгондон кийин башкача тосуп алса деле жарашмак. Бирок эч нерсе эмес. Силер айткандай өз тайпанан биринчи орун болуп, татыктуу оюн көрсөткүлө. Азаматсыңар! Алла буйуруп коррупциясы жок, футболчулары күчтүү,жаш-карысы билимдүү өлкө бололу!!!
0
Neizvestno777
2018-03-25 06:27:16
Кайдагы Хабибди президент келгендей тосуп аласынар, озубуздун жигиттерди тосуп алган эч ким жок , ушинтип отурсак кайдагы онугуу озубузду озубуз колдобосок
+9
murat17
2018-03-25 12:56:36
Азаматсынар жигиттер бар болгула коп коп даярдангыла буюрса азия чемпионатынан сенцасия кутолу силерден
0
BBB88
2018-03-25 16:12:19
Футболду бишкекте эле откозо бербей ошто да откозуп койсонор болот беле..бишкектин кичинекей стадионуна караганда оштукунда кенири ойнойт беленер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан