Бүгүн, 22-мартта футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасы менен кездешет.
11:33 Азыркы тапта Кыргыз улуттук кураманын негизги курамында чыга турган футболчулар белгилүү болду. Алгачкы мүнөттөрдөн төмөнкү футболчулар чыгышат:
Валерий Кашуба;
Азамат Байматов - капитан;
Курсан Шератов;
Азиз Сыдыков;
Эдгар Бернхардт;
Бахтияр Дүйшөбеков;
Аваз Откеев;
Мирлан Мурзаев;
Ислам Шамшиев;
Антон Землянухин;
Кайрат Жыргалбек уулу.
11:55 Командалар оюн талаасына чыгып, учурда Кыргыз Республикасынын гимни жаңырууда.
11:56 Бүгүнкү беттеште Кыргыз курамасы ак түстөгү футболка менен ойносо, Мьянма кызыл түстөгү форма менен ойнойт.
11:57 Өлкөлөрдүн гимни жаңырып, командалар беттешке даяр болушту.
12:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
12:02 Кыргыз курамасынын футболчулары чабуулга чыгып, эсеп санын ачканга үлгүрдү. Ислам Шамшиев алыскы аралыктан таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды.
12:05 Оюндун башталганына 5 мүнөт болсо дагы, Кыргыз футболчулар кайрадан чабуулга чыгып эсепти көбөйткөнгө жетишти. Антон Землянухин атаандаштарынын дарбазачысы менен бетме-бет чыкканга үлгүрүп, ага топту тосуп алууга мүмкүнчүлүк бербей эсепти 2:0 кылды.
12:11 Оюндун темпи бир аз төмөндөп, футболчулар тактикалык кадамдар менен атаандашынын дарбазасына жакындаганга аракет жасап жатышат.
12:13 Александр Крестинин бул беттешке шакирттерин мыкты даярдаганы көрүнүп турат. Буга чейинки беттештерде футболчулар чабуулду оң канат менен баштаса, бул ирет чабуул ортоңку бөлүктөн башталууда.
12:15 Кыргыз футболчулары ката кетирип, мьянмалыктар топту бурчтан көтөрүштү.
12:16 Бурчтан көтөрүлгөн топко алгач Кыргыз футболчулары жетишип, айып аянтчадан алыс чыгарып салышты. Бирок биринчилерден болуп топко кайрадан Мьянманын оюнчусу жетти.
12:18 Мьянма чабуулда. Кыргыздын айып аянтчасына көтөрүлгөн топко алгач Мьянманын оюнчусу жетип, башы менен сокку узатканга үлгүрдү, ал таамай болбогондуктан топ оюн талаасынан чыгып кетти.
12:21 Кыргыз футболчулары оюнду атаандашынын аймагында жүргүзүүдө. Буга Мьянма жакшы коргонуу менен жооп берип жатышат.
12:23 Эдгар Бернхардт атаандашына карата эреже бузду. Мьянма айып сокку узатууга мүмкүнчүлүк алды.
12:26 Мьянманын оюнчусунун соккусу таамай болгон жок. Валерий Кашуба топту кыйынчылыксыз тосуп алды.
12:28 Крестининдин шакирттери ылдамдык менен атаандашынын айып аянтчасына шашылууда. Мындан улам футболчулар оффсайд абалына туш болуп калууда.
12:32 Ислам Шамшиев ката кетирүүгө жол берди. Атаандашынын артынан келип жыгылтып, сары айып кагазын алды.
12:33 Мьянманын футболчулары оң канаттан чабуулду баштап, айып аянтчага чейин кирип келсе, Эдгар Бернхардт алдынан чыгып топту кыйынчылыксыз тосуп алды.
12:35 Мьянма курамасы топко ээлик кылууда. Кыргыз курамасына карата прессинг кылууга жасаган аракеттерин, Бернхардт же Байматов четке кагууда.
12:38 Азамат Байматов баштаган чабуул аягына чыкпай калды. Атаандашынын аянтында бири-бирин түшүнбөй Кыргыз футболчулар топту алдырып жиберди.
12:39 Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Кайрат Жыргалбек уулу топту айып аянтчага көтөрсө, топко алгач дарбазачы жетип, кооптуу абалды жокко чыгарууга үлгүрдү, бирок Ислам Шамшиев топко жетип, сокку узатты. Таамай болбой калган сокку дарбазага жакындаган да жок.
12:41 Антон Землянухин жаракат алгандай, ал бутун кармап дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.
12:44 Кыргыз футболчулар эсеп аралыгын кеңейткенге мүмкүнчүлүгүн колдоно албай койду. Сол канаттан дарбазаны көздөй чуркап барган Бахтияр Дүйшөбеков топту таамай пас менен Кайрат Жыргалбек уулуна узатты. Кайраттын 5 метр аралыктан дарбазага узаткан соккусу таамай болгон жок.
12:45 Калыстын ышкырыгы жаңырып беттештин 1-таймы бүттү. Учурда эсеп 2:0 Кыргыз футболчулар алдыда.
13:00 2-тайм башталды. Бул ирет таймды Мьянма курамасы баштады.
13:04 Азиз Сыдыков гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал дарбазачы менен бетме-бет чыгып дарбазанын оң бурчуна карай сокку узатып, ага дарбазачы жолтоо болууга үлгүрдү. Топ дарбазанын оң бурчунан саналуу сантиметр алыстыкта өтүп кетти.
13:10 Кыргыз курама командасы кайсы өлкөдө ойнобосун, күйөрмандар ар дайым колдоо көрсөтүп стадионго Кыргыз желегин көтөрүп келишет. Бул ирет бир топ күйөрмандар кыйкырыктар менен колдоодо. Күйөрмандардын арасында Кореядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Кылычбек Султан дагы бар. Бирок, тилекке каршы, стадиондо Мьянманын күйөрмандары көбүрөөк экен.
13:15 Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Азиз Сыдыковдун ордуна талаа үстүнө Фархат Мусабеков чыкты.
13:21 Гол! Антон Землянухин 2-голун киргизип, эсепти 3:0 кылды.
13:24 Азамат Байматов атаандашына карата эреже бузуп сары айып кагазын алды. Мьянма айып сокку узатат.
13:25 Мьянманын оюнчусу узаткан айып соккуга алгач Кашуба жетип, топту талаадан сырткары чыгарып салды.
13:27 Кыргыз курамасында алмашуу. Мирлан Мурзаевдин ордуна оюн талаасына Виталий Люкс чыкты.
13:32 Гол! Алмашууга чыккан Виталий Люкс Антон Землянухиндин атаандаштарынын айып аянтчасында узаткан пасына биринчи жетип, таамай сокку менен эсепти 4:0 кылды.
13:34 Кыргыз курамасында акыркы алмашуу орун алды. Оюн талаасына Бекжан Сагынбаев чыкты.
13:36 Кайрат Жыргалбек уулу өзүнүн 2-мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай койду. Кайрат дарбазачы менен бетме-бет чыгып, сокку узатканга үлгүрбөй калды.
13:40 Мьянма курамасы эсеп санын өзгөртүүгө аракеттерди жасоодо. Оң канаттан башталган чабуулдан кийин Мьянманын оюнчусунун соккусун Кашуба тосуп алды.
13:42 Гол! Мьянманын футболчулары, бир топ аракеттерди жасагандан кийин эсепти 4:1 кылды.
13:44 Кыргыз футболчулары чарчап калгандай көрүнөт. Кайра-кайра кеткен катадан улам Мьянманын футболчулары кооптуу абалдарды жаратууда.
13:45 Гол! Кыргыз курамасы эсепти 5:1 кылды. Оюндун негизги убактысына 3 мүнөт калганда Бекжан Сагынбаев 2 коргоочуну аралап өтүп, таамай сокку менен эсеп санын өзгөрттү.
13:47 Оюндун аякташына аз убакыт калды, бирок Кыргыз футболчулары чабуулдарды уюштурууда.
13:48 Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн Кыргыз курамасынын 5:1 эсебиндеги жеңиши менен жыйынтыкталды.
13:50 Муну менен Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. Ал эми 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.
Бул жеңиш менен Кыргыз курама командасы кийинки этапка алдын ала жолдомо камсыздай алды.
Эми Кыргыз курама командасы тандап алуу этабынын акыркы беттешинде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 27-март күнү Индия курамасын кабыл алат. Беттеш саат 20:00дө башталат.