ЖЫЛНААМА, 25-март: "Туулган күнүмдү кадимки эле күндөрдөй өткөрөм" дейт Бактияр Токторов

Легендарлуу "Биз" тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов 1970-жылы 25-мартта Лейлектин Коммунизм айылында туулган. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык.

"Тааныштар, туугандар, кесиптештер туулган күнүмдү куттуктап телефон чалып жатышат. Баарына рахмат. Мен үчүн туулган күн кадимки эле күндөрдөй өтөт. Өзгөчө шаан-шөкөт кылып майрамдабайм деле", - дейт ырчы.

Кошумчалай кетсек, Бактияр Токторовдун ысымы Бактияр Ыктыяров деген ырчынын атынан коюлган. Болочок ырчы жарыкка келгенде ата-энеси "Ыктыяровдой ырчы болсо ажеп эмес" деп Бактияр деген ысым ыйгарышкан. Ата-энесинин тилегин берип элге таанымал ырчы болгон.
48 жашка чыккан ырчы учурда 4 кыз, 1 уулдун атасы.
25-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azi81
2018-03-25 15:25:46
Эх биз тобу менен чонойдукко.периштем тан чолпон жылдызым,женелер.туулган кун кут болсун Бактяр байке!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан