Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Баткенде жерге берилген мумияны кайрадан музейге алып келүү тууралуу оюн билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
"Баткенде көмүлгөн мумияны кайрадан музейге алып келүү сунушун Султан Жумагулов министр катары эмес, жаран катары айтты. Бул боюнча илимдер академиясынын изилдөөчүлөрү менен биргеликте иш алып баралы, анан бир чечимге келебиз деди", - дейт басма сөз кызматы.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга чейин ал мумияны жерге берүү чечими чыкканын маалымдаган.
Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги Тарых музейине өткөрүлгөн.
Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык. Тарыхчы, археолог жана илимпоздордун арасында бул чечимге каршы болгондор көп.