Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия бүгүн, 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлду. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга чейин ал мумияны жерге берүү чечими чыкканын маалымдаган.
Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн.
Мумияны жерге көмүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окумуштуулар катышты. Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык. Тарыхчы, археолог жана илимпоздордун арасында бул чечимге каршы болгондор көп.
Буга чейин аталган министрлик мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын кошумчалаган аталган мекемеден.