Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев 46-жазын тосууда. Ал 1972-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында туулган. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, жубайынан алган белеги өтө жагымдуу болгонун айтып берди.
"Эртеден бери куттуктап телефон чалгандарга жооп берип жатып, кулагым да ысып чыкты. Туулган күнүмдү апам, үй-бүлөм менен тосом. Чоң шаан-шөкөт кылгыдай биринчиден жаш бала эмеспиз, экинчиден концерт, гастроль менен жүрө берип шаан-шөкөттөн тажаптырмын. Келинчегимдин белеги таң калтырды. Туулган күнүм менен куттуктап, мен билбеген бир француз салонунан атыр жыттуу топтом алып келиптир. Эртең менен ваннага түшүп чыксам, үй дагы, өзүм дагы ошондой жыттанып калыптырмын. Кээде чет жерге чыкканда айрымдардын ушундай жагымдуу жыттанганын байкап, булар бир флаконду эле куюнуп алышат го дечүмүн. Көрсө анын сыры башкада окшойт", - дейт жубайына ыраазы болгон мырза.
Ырчы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык оркестринин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен белгилүү комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов менен бирге билим алган.