ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: "Бойдок кезде туулган күнүмдү 1 апта майрамдасам, эми 1 күндө майрамдайм" дейт актёр, "тамашоучу" Эрмек Таалайбеков

Бүгүн "Тамашоу" Лигасынын "Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу, актёр Эрмек Таалайбеков 26 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына "үйлөнгөнгө чейин 1 апта майрамдачу элем, эми 1 күндө майрамдоого туура келип жатат" деп билдирди.

"Бойдок кезде туулган күнүмдү 1 апта майрамдачу элем. Досторум "Эрмектин жумасы" деп коюшчу. Эми баарын 1 күндө майрамдаш керек (күлүп). Бүгүн досторум менен көңүл ачуучу жайга барабыз. Эмнегедир быйылкы куттуктоолор өзгөчө болуп жатат. Жубайым эртең менен ишке кетип жатып акча таштап кетиптир. Азыр ошол акчаны короткону баратам. Кайнатамдын телефон чалып жакшы сөздөрүн айтканы оригиналдуу куттуктоо болду", - дейт.

"Тукумубузда чыгармачылыкка шыктуу адам болбоптур. Менин "Тамашоудо" ойнойм" деген каалоомо атам каршы болуп, "сенден эч нерсе чыкпайт" дей берчү. Өжөрлөнүп жатып эле ынандырдым окшойт. Ошентип "Ак-Өргө city" командасын түздүм. "Тамашоуго" башында мен, ди-джей Улик жана Талант деген бала болуп үчөөбүз эле барганбыз. Калган балдар кийинчерээк кошулду. "Команда түзөм, кыргызча КВНде ойнойбуз" дегенимде көп балдар көӊүлдөнбөй коюшкан. Кийин биринчи оюнубузду көрүп, анан кошула башташты. Ошол маалда немис тилинен ийримге барчумун, аны да таштап койдум. Жакшы окуган, тартиптүү, китеп десе жата калган бала элем, "Тамашоу" мени бузду. Жакшы жагына бузду деп сөзүмдү түзөй кетейинчи", - дейт ал.

Ал эми "неге мынча сулуумун?" деген фишка сөзү тууралуу: "Кичинемден эле күзгүгө карап "неге мынча сулуумун?" деп өзүмө өзүм ашык боло берчү экенмин. Бир жолу атамдан "биздин тукумда мендей сулуулар болгонбу?" деп сурасам, "жок, балам, сулуулар болгон эмес, бирок мактанчаактар бар болчу" деген эле. Ал эми сахнада бул сөздү ушундай кебетем менен сулуумун десем күлкүлүү болобу деген максатта эле айткам. Өзүмдү "красавчикмин" деп эсептебейм. Кыздар айтышат "сүйкүмдүүсүң" деп, ошондой болушум керек", - деген.

Эрмек Таалайбеков 1992-жылы 30-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Ал 1 жашка толгондо үй-бүлөсү Казармандан Бишкектин Ак-Өргөөсүнө көчүп келип, жашап калган. Орто мектепти аяктагандан кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетин бүтүргөн.

"Тамашоудон" таанылган "красавчик" жигит "До+Фа 1, 2", "Султан Сулайман", "Гонщик таксист", "Браво", "Пентхаус", "Курут" жана башка тасмаларда роль аткарган.

2017-жылы Бекзада аттуу айымга үйлөнгөн. Учурда сценарий жазуу менен алектенип жүрөт.

30-мартка жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mikra
2018-03-30 11:58:59
Аялынын акча таштап кеткени жакты.жашырбай ачык айтканы.молодец бактылуу болгула.коп жаша бала чакалуу болгула ажырашпай кол кармашкан бойдон тен арып тен карыгыла.бирок чын эле жакшынакай экенсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан