Өзүнүн ичин кесип жиберген активист Темирлан Ормуков дарылануусу бүткөндөн кийин камакка алынары айтылды

Көзү азиз активист Темирлан Ормуков ооруканадан чыккандан кийин камакка алынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук сотунун токтому менен Ормуков тергөө иштери бүткөнчө тергөө абагына камакка алынат.

"Кечээ, 29-мартта тергөөчү Октябрь райондук сотунун токтому менен тааныштырып, убактылуу кармоочу жайга киргизүү боюнча протокол түзүүгө Ормуковду жактоочусу менен кошо чакырган. Ормуков жактоочусу келер алдында ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. "Тез жардам" кызматы чакыртылып, биринчи жардамдар көрсөтүлгөн. "Жүрөгүм ооруп жатат" дегенинен кардиология бөлүмүнө жаткырылды, биздин кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Дарыгерлердин айтымында, бир жумада абалы жакшы болуп калат, андан кийин соттун чечимине ылайык камакка алынат. Анын көзү азиз, бирок камоо чечими биздин эмес Октябрь райондук сотунун чечими, биз аны аткарабыз", - дешти милициядан.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта акын, көзү азиз активист Темирлан Ормуков тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген жана "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2018-03-30 20:27:04
Акмактар ушу майып адамды соттобойле койбойсунарбы! акмак эле болуп калдынар! ушу кантип болсун, адилеттуулук деген кайда, мына бугунку соттордун абалы жеткен акылдары ушул, буларга соз деле жок акмактарга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан