Акын, көзү азиз активист Темирлан Ормуков тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберди. Бул тууралуу 29-мартта SUPER.KG порталына активист Адил Турдукулов кабарлады.
"Тез жардам" кызматы келип, аны алып кетти", - деди Турдукулов.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Темирлан Ормуков Улуттук кардиология борборуна "Тез жардам" менен алынып кетти. Соттун токтомуна ылайык, Ормуков тергөө иштери бүткөнчө тергөө абагына камакка алынышы керек, ооруканадан абалы текшерилген соң камакка алынат.
Эске салсак, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң текшерүүдөн кийин акындын айтканы жалган экени аныкталып, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга №1-тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.