"Бишкек шаарында такси кызматтары 2-3 эсе кымбаттады. Буга маршруттук унаалардын айдоочуларынын иш таштагандыгы себеп болду", - деп жазды окурман "Элдик кабарга".
Билдирүүгө ылайык, шаардын жашоочусу мурда 130 сом төлөп жетип жүргөн аралыкка бүгүн таксист 300 сом сураган.
"Мен бүгүн Абдырахманов-Донецк көчөлөрүнүн кесилишинен шаардын борбордук бөлүгүнө чейин жеткирип коюуну өтүндүм. Ошол аралыкка таксинин айдоочусу 300 сом сурады", - деди шаар тургуну.
Бул арада социалдык тармактардын айрым колдонуучулары шаар ичинде жүргүнчүлөрдү өзү барган дарекке чейин унаасы менен ала кете турганын жазышууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.