Бүгүн "тамашоучу", шоумен Санжар Мыкыев 29 жашка толду. SUPER.KG порталы алпаруучуну туулган күнү менен куттуктап байланышканда, бул күнгө көп маани бербей турганын айтты.
"Туулган күндү белгилегенди жактыра бербейм. Бирок жубайым Наристе атайын кече уюштурган экен. Менин кабарым жок болчу. Түнкү саат 12ден кийин чыгармачылыктагы досторум бир жакка баралы деп, келинчегим уюштурган кечеге алып барышты. Жагымдуу элестерди калтырган майрам болду", - дейт.
Алпаруучу, шоумен Санжар Мыкыев 1989-жылы 3-апрелде Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 эркектин улуусу. Оштогу кыргыз-түрк лицейин аяктап, андан соң "Ала-Тоо" университетинен билим алган. Кесиби - программист.
Студент кезинде "Тамашоу" Лигасынын "Достук" командасынын капитаны болуп, калың элге таанылган. 2012-жылдан баштап "Тамашоудогу" бир нече командалардын оюнчуларынан куралган "Тамадалар" командасында ойной баштаган. Учурда "Салам, Кыргызстан" телеберүүсүнүн алпаруучусу.
Шоу чөйрөгө аралашканы тууралуу: "Орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. 2-курста болуш керек, бир түрк агай кечесин алып барып берчи деп суранган. Ал жакта алпаруучу болуп жатканымды ректорубуз көрүп, анын сунушу менен жалаң университеттеги концерттерди алып барып жүрдүм. Кийин "Тамашоуго" катыштык, эми минтип алпаруучу болуп калдым", - деп эскерет.
Санжар мырза 2013-жылы ноябрь айында сүйүктүүсү Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн Фатима аттуу 3 жаштагы кызы бар.
3-апрелдин жылнаамасы.