Бүгүн, 3-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишин иликтеген Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясынын жыйынтыктоочу отуруму үзгүлтүккө учурады. Жыйынга 2013-жылы ЖЭБди жаӊылоо алдында ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен Кытайга барып келген депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Мурадыл Мадеминов жана Исхак Пирматов чакырылып, бирок келбей коюшту. Аталган депутаттарды комиссиянын кезексиз жыйынына чакырып, комиссия корутундусун алардын сөзүн уккандан кийин жарыялай турган болушту.
Бишкек ЖЭБиндеги окуя – энергетика тармагындагы абалдын күзгүсү. Өлкөдө ири долбоорлорго, өзгөчө сырттан кредит, грант иретинде келген акча аркылуу ишке ашырылуучу ири долбоорлорго жарандык коом, депутаттар тараптан сөзсүз күчтүү көзөмөл, дыкат текшерүү керектиги көрүнүүдө.
Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо окуясына байланыштуу жаралган шек жогорку чыӊалуудагы Датка-Кемин электр линиясына, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу боюнча дагы күмөндүү ойлорду жаратты. Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы чубалгысын 2011-2015-жылдары Бишкек ЖЭБин жаңылаган ошол эле Кытайдын ТВЕА компаниясы курган. Долбоордун жалпы баасы 389 миллион долларды түзүп, бул акчаны Кыргыз өкмөтү Кытайдын ошол эле “Экспорт-импорттук банкынан” карызга алган. Мурда Кыргыз өлкөсү электр энергиясынын транзити үчүн Өзбекстанга жыл сайын 10 миллион доллар төлөп келсе, бул акчаны 2015-жылдан бери төлөбөйт. Датка-Кемин чубалгысы менен Токтогул ГЭСинен өлкөнүн түндүк аймагына электр энергиясы коӊшулардан көз карандысыз жеткирилүүдө. Бирок дал ушул “Датка-Кеминди” ишке ашырган ТВЕАнын ЖЭБдеги иши боюнча жаӊжал чыгып, бүгүн 386 миллион доллардын эсеби чыкпай жатканы “Датка-Кеминдин” таржымалына да “кызыгуу” жаратат.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу 2013-жылы башталып, долбоор 850 миллион долларга бааланды. Узундугу 410 чакырымды түзгөн жол 3 фаза менен курулуп жатат, 1-2-фазасына Кытайдан 697 миллион доллар алынууда. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкынан 95 миллион доллар (36 миллион доллары грант катары), Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 12 миллион доллар кредит алынат. 2017-жылкы расмий маалымат боюнча, жолдун 344 чакырымын курууга акча бар. Бирок жол пландагыдай 2018-жылы эмес, 2021-жылы бүтүп, 2022-жылы ишке киргизилери айтылды. Бул арада долбоор улам-улам өзгөрүп, баштапкы баасынан кымбаттап баратат.
2016-жылы баштапкы план өзгөрүп, 850 миллиондук долбоорго кошумча 56 миллион доллар жумшалары айтылган. 906 миллион доллар – эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн 27 жылдык карызынын дээрлик төрттөн бири. Долбоордун техникалык көзөмөлдөө кызматынын башчысы Кубанычбек Ормоновдун айтымында жолдун 1-фазасында эле долбоорго 3 өзгөртүү кирген. Мисалы, жолго 3,7 чакырымдык тоннель куруу пландалса, кийин “тоннелдин башы кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймакка туш келип калды” деп тоннель 115 метрге узартылмай болгон. Долбоорго кирбеген башка иштерди да жасоого туура келип жатат дешкен. 2017-жылы февралда Транспорт жана жол министрлиги Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасында тоннелдердин ордуна 2 эстакадалык көпүрө куруларын жар салды.
“Датка-Кемин” чубалгысы боюнча карызды төлөө 2022-жылы, ЖЭБди модернизациялоо жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 1-2-фазасын курууга алынган карызды төлөө 2024-жылы башталат. Калган карыздарды төлөө мөөнөтү да жакындап келе жатат. Быйыл 16-мартта Кытайдын Кыргыз жериндеги элчиси Сяо Цинхуа Кыргыз мамлекети Кытайдан алган карызды макулдашууларга ылайык кайтарат, Кытай андан башка вариантты караштырбайт деди. 2-апрелде ЖЭБ боюнча комиссия жыйынында депутат Алмазбек Токторов Кытайдын банкы келишимге таянып, талаш жараткан окуяны шылтоолоп 386 миллионду тез арада төлөөнү талап кылышы мүмкүн деп кыйытты. Ушундай сөздөр жарандык коом, эл өкүлү аталып парламентте отургандар карызга алынган ири суммалар кайда, кантип жумшалып жатканына көзөмөл жүргүзүп, өз учурунда иликтеши керектигин көзгө сайып көрсөтүүдө...
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Чиновник 2 ишкананын пайдасына мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтаруу боюнча ачылган кылмыш ишинде коррупцияга айыпталууда. Буга чейин УКМК Мамлекеттик салык кызматында коррупциялык иштердин бети ачылганын, ага ылайык 2 жыл ичинде жасалма документтер менен өлкө казынасынан 217 миллион сом чыгарылып кеткенин жарыялаган. Бул боюнча 5 салык кызматкери, “Полларис” жана “Интеррустрейд” ишканаларынын башчылары камакка алынган.
8-февралда өткөн Коопсуздук Кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүчү органдар өздөрү коррупцияга батып калды деп сындаган. 9-февралда Жогорку Кеӊештин комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров парламент бюджетинен 30 миӊ долларды ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул иштин алкагында вице-премьер Аскарбек Шадиев, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков УКМКда суракка алынды. Жакында ЖМКлардын бириндеги маегинде Турсунбеков айыпталып жаткан Закировдун “крышасы” күчтүү экенин ачыктады. “Убагында мен аны парламентте иштен айдай турган болгондо Ак Үйдөгү өтө таасирдүү кишилер ортого түшүп сактап калышкан”, - деп, бирок ал таасирдүү кишилердин атын атаган жок.
Депутат Жанар Акаев бүгүн социалдык тармактагы баракчасына дал ушундай таасири өтүмдүү кишилер тууралуу пост жазды. “Саясатка келгени “уяттуу киши” деген терминди көп укчу болдум. Коррупцияга баткан тармак тууралуу маселе көтөрсөӊ эле “уяттуу киши” суранып жатты эле, тим эле койчу дешет. “Уяттуу киши” дегенди олуттуу, тажрыйбалуу коррупционер дегендей эле түшүнүп калдым”, - дейт депутат Акаев. Мыйзамдын талабын эмес, жогорудагыдай “таасирдүү” жана “уяттуу” кишилердин кызыкчылыгын, өтүнүчүн барктаган өлкө коррупцияны кантип, качан жеӊери бүдөмүк...