Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакын туугандарынын фамилиясын пайдаланып жүргөн С.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, ал Ташиевдин уулу менен жакын мамиледе экенин, УКМК төрагасынын кабыл алуусуна кирүүгө көмөк көрсөтөм деген шылтоолорду айткан. Ошондой эле "Silk-Way" индустриалдык паркынын аймагындагы бир нече соода түйүндөрүн сатып алуу боюнча маселелерди чечүүдө 50 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты, анын ичинде 20 миң долларды түзгөн автоунааны өзүнө ыйгарып алган.
25-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында С.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Териштирүү жүрүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Сузак районунда УКМК жетекчисинин атын жамынып алдамчылык кылып жүргөндөр кармалган.