ЖЫЛНААМА, 5-АПРЕЛЬ: Токтобүбү Черикчиева: "Күйөрмандарым куттуктоо жазса, кадырым бар экен деп калдым"

Бүгүн эстрада ырчысы Токтобүбү Черикчиева 49 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына "калк кадырлаган инсан экенимди бүгүн түшүндүм" дейт.

"Буга чейин туулган күнүмдү кафе, ресторандарда чыгармачылыктагы курбуларым менен белгилеп келгем. Бул ирет үй-бүлөм менен тосоюн деп жатам. Күйөрмандарым тынбай куттуктоолорун жиберип, жылуу сөздөрүн айтса, "кадырым бар экен, эл сыйлаган инсан экенмин" деп кубанып калдым. Бүгүн ыраматылык апамдын да туулган күнү. Ошого арнап үйдөн жыт чыгарып жатам", - дейт ал.

Ырчы Токтобүбү Черикчиева 1969-жылы 5-апрелде Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн. 4-классынан баштап комуз ийримине барган. 15 жашында филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга окууга тапшырып, Самара Токтакунованын колунан тапталып чыгат.

Окуусу менен катар Эстебес Турсуналиевдин "Эл шайырлары" тобунда иштеп, алар менен гастролдорго чыгып калган. Ошондон тартып Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Толтой Мураталиев өңдүү залкар адамдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Ырчы 15 жашынан бери иштеп келген филармониядан 2010-жылы кеткен. Ал "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Колукту", "Сүйгөн жар", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң" жана башка ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

"Биринчи жолдошум Бектен "Ак марал" бий тобунун алдыңкы бийчиси болчу. Экөөбүз Италияга 2 жолу гастролго чогуу барып, сүйлөшүп калдык. Мамилебиз келишип, 20 жашымда ал кишиге турмушка чыккам. Бирок киши колдуу болуп каза болуп калды. Кийин турмушка чыгып бир уул, бир кыздуу болдум. Апам балдарымды карап такай менин жанымда болду", - дегени бар.

5-апрелге жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tentek1
2018-04-05 16:26:27
Ушу эженин талантын абдан сыйлайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан