Ноокатта кыздарга барган балдарды сабаганы үчүн кармалган 10 адамдын үчөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган 10 адамдын экөө мурда эле соттун чечими менен 1 айга камакка алынган. Кечээ, 9-апрелде Ош шаардык соту кармалган 6 адамдын баш коргоо чарасын карап, алардын үчөөсүн 2 айга камакка алса, үчөө үй камагына чыгарылды. Кармалган 2 шектүүнүн баш коргоо чарасы эртең каралат", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугууга келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон.