ЭЛДИК КАБАР: "Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алды, биринин абалы оор" дейт окурман
Ош облусунун Ноокат районундагы Бостон айылында 50гө жакын адам кыз-жигитти ур-токмокко алды. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 4-апрелде орун алган.
"Ноокат районуна караштуу Бостон айыл аймагында 50дөй адам бир кыз менен ага келген жигитти ур-токмокко алышты. Ошол эле күнү аталган адамдар кызды унаага күч колдонуу менен отургузуп, башка аймакка алып чыгышкан. Кыздын бутуна жип байлап алып унаа менен сүйрөтүүгө аракет кылышкан. Кыз ыйлап баштаганда аны коё беришкен", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.