Ысык-Көлдө 12 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан адам 2 айга камакка алынып, СИЗОго которулду

Ысык-Көлдө 12 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталып жаткан адам 2 айга камакка алынып, СИЗОго которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Ысык-Көл РИИБинин абагынан Каракол шаарындагы СИЗОго которулган.

"Ысык-Көл" облусунун Чолпон-Ата шаарындагы 12 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүгө карата "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Өткөн жумада анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынып, Каракол шаарындагы СИЗОго которулган. Буга чейин соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Ал секелек кыз менен жыныстык катнашта болгону же болбогону экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин, 26-мартта 12 жаштагы Ж.Ж. аттуу кыздын апасы кызын белгисиз адам зордуктап койгондугун айтып укук коргоо органдарына кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну С.У. аттуу адам кармалган. Ага карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл РИИБинин абагына киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан