Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип таксист кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 26-мартта 12 жаштагы Ж.Ж. аттуу кыздын апасы кызын белгисиз адам зордуктап койгондугун айтып укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 1965-жылы туулган тургуну С.У. колго түшүрүлгөн. Кармалган жаран кылган ишин моюнуна алып, окуяны баяндап берген.
"Окуя 25-март күнү кечки саат 22:00дөр чамасында болгон, саат 20:00 чамасында 12 жаштагы кыз "Рух-Ордо" маданий комплексинин жанында токтоп турган таксиге келип "үшүп калдым, жылынып алайын" деп кайрылган. Таксист макул болуп унаасына отургузуп, бир аз убакыт өткөндөн кийин тамак алып берген. Андан кийин күч колдонуу менен зордуктап койгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жаранга зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.