Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавында орун алган "Ширеч" насостук станциясынын кызматкери Өзбек жарандары тарабынан сабалган. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Суу-Башы айыл аймагынын башчысы Кудайберген Козубеков билдирди.
Анын айтымында, окуя 10-апрелде болгон.
"Бул боюнча Өзбекстандын Сох районунун акими менен Баткен облусунун акими Сох аймагында жолугушту. Анда Өзбек тарап сабады деген 4 жаранды суракка алышканын айтышкан. Ошондой эле аларга кылмыш иши козголо тургандыгын кошумчалашты. Андан кийин бул боюнча Баткен облустук прокуратурага кат жөнөтүшөт. Ошондой эле Сох районунун акими насостук станцияда иштеген Кыргыз жарандарынын коопсуздугун мындан ары Өзбек тарап да көзөмөлгө аларын билдирди. Ал эми жаракат алган жаран Баткен облустук ооруканасында дарыланууда", - деди Козубеков.
Ал эми "Ширеч" насостук станциясында Өзбек жарандары тарабынан сабалган Азизжан Мансуров SUPER.KG порталына окуя тууралуу буларды айтып берди.
"Иштеген жерим Өзбекстандын Сох анклавынын ичинде жайгашкан. Мен ал жердеги "Ширеч" насос станциясында моторист болуп иштейм. 10-апрель күнү жумушта отургам. Шеригим башчыбызга жолугууга кеткен. Ошол кезде Өзбекстандын 4 жараны келип, суу чыгарган насосуңарды жок кылабыз, силерди иштетпейбиз деп эле мени таш менен ургулап башташты. Алар кеп-сөзгө келишкен жок. Мен башымдан катуу жаракат алдым. Качып барып тамактануучу үйгө кирип, эшикти ичинен бекитип алып араң кутулдум. Алар кетип калышты. Негизи Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда уруш болсо биринчи эле Өзбек жарандары бизге келе беришет. Себеби суу чарба бизге караганы менен, биз алардын жеринде иштейбиз да", - деди ал.
Учурда жабырлануучунун абалы турукташып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын кошумчалады.