Тогуз-Тородо алтын комбинаттын өрттөлүшү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 11-апрелде мекемелер аралык комиссия "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу комбинатынын иши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Аларга жолугуу үчүн келген миңге чукул адамдар таш ыргытышып башташкан. Бирок милиция кызматкерлери комиссиянын мүчөлөрүн коопсуз жайга алып чыгып кетишкен. Кийин эл алтын ылгоочу комбинатынын аймагына кирип талкалап, өрттөп башташкан. Ал жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылып, бирок комбинатты өрттөгөн эл жолду тосуп салганына байланыштуу өтө алышкан эмес. Бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери башталды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Учурда коомдук тартипти калыбына келтирүү аракеттери жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин күбө Тогуз-Тородо митингге чыккан миңден ашуун адам алтын ылгоочу комбинатты өрттөп жибергенин кабарлаган болчу.