Тогуз-Тородо митингге чыккан миңден ашуун эл жаңы курулуп жаткан алтын комбинатын өрттөп жиберишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири кабарлады.
"Бүгүн, 11-апрелде эртең менен миңден ашуун нааразы болгон адам чогулган. Кийин саат 11:00дөр чамасында митингге чыккан эл жаңы курулуп бүтүп, бирок ишке кирбей турган алтын ылгоочу комбинатты өрттөп жиберишти. Ал жерде милиция кызматкерлери бар болчу, алар менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жок", - дейт жергиликтүү тургун.
Эске салсак, Тогуз-Торо районунун тургундары салынып жаткан алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылып, элге зыяндуулугун белгилеп 2 айдан бери бир нече жолу митингге чыгышкан.