Тогуз-Тородогу митингге чыккан эл 5 техника, 6 имаратты өрттөп жиберген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жергиликтүү эл тарабынан "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу мекемесине таандык 2 КамАЗ, 2 экскаватор, 1 кран өрттөлгөн. Андан сырткары 2 контейнер, административдик имарат жана 5 өндүрүштүк имараттар өрттөлгөн.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган.