"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Чек ара кызматы: "Чек арадагы тактала элек аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт"

Чек арадагы тактала элек аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев билдирди.

Эске салсак, "Баткен районунун Чоң-Талаа айылында өкмөт тарабынан берилип, үй салынып жаткан жерге Тажикстандын чек арачылары келип, жумушту токтотууну айтып жатышат" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.

Бул маселе боюнча, Баткен чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаевге кайрылганыбызда, ал бул окуя тууралуу кабары бар экенин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылына 6-апрель күнү Тажик чек арачылары келип, үй куруп жаткан жергиликтүү тургунга курулуш иштерин токтотуусун талап кылышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары кабыл алган келишим боюнча, эки өлкөнүн тактала элек чек ара аймактарында 100 метр аралыкта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт. Алар ушул макулдашууга таянышкан", - дейт Мийзаев.

Ошондой эле башчынын айтымында, аталган окуя боюнча ошол эле күнү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, маселе чечилген.

"Биз окуяны угар замат коңшу өлкөлөрдүн чек арачылары менен жолугуп, маселени чечкенбиз. Курулуш иштерине тыюу салынганынын себеби, кийин чек араны тактап жаткан маалда бул курулуштар ар кандай маселелерди жаратышы мүмкүн. Бирок Тажик чек арачылары алгач бул маселе тууралуу бизге айтып, анан биз менен чогуу курулуш болуп жаткан аймакка барышы керек болчу", - деп билдирди башчы.

Мындан сырткары, ал жергиликтүү тургундарга азырынча аталган аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой тургандыгын айыл өкмөтү бир нече жолу эскерткендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
salimbek87.kg
2018-04-12 12:13:48
Тактала элек тактала элек деп жүрүп качан тактайт өкмөт чек араны ? Мындай аракет барбы өзү биздин өкмөт чоңдордо.
+2
KGstan1981
2018-04-12 12:22:35
Тажикстандын жарандары салганда унчупай олтурсанар керек эле.Озу силерде бир тамчы болсо дагын эрк дух деген нерсе барбы.Капа болбойсунар катту тийсем бирок чек арачы эмес коенчу деп эле атап коюш керек экен силерди.Кыргызстандын жерине наглый кирип келишип КРнын жаранын атып салгандан кийин силерге ишеним жоголду.
+2
Alinur
2018-04-12 12:44:48
Бир нерсе эле десен, тактала элек, тактала элек деп кутула турган болдуго булар. Ошол тактала элек жерлер баардыгы Кыргызстандын аймагы болсо керек. Анан эч качан Озбекстан же Тажикстан мындай жерлерини тактала элек дебесе керек эле.
+2
Dalil
2018-04-12 13:00:21
Кабинетинде отуруп эле жооп берип койбой, барып тактап анан жооп бербейби? Ал айыл Ак-Турпак айыл өкмөтүнө эмес, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айыл. Эми өзүңөр ой жүгүртүп көргүлө ал айыл каерде экенин билбеген чек арачы анын такталган же такталбаган аймак экенин кайдан билди? Андан көрө АША тажикстанга болгон визитинде сатып келген деп эле айтпайбы?
+2
munar1980
2018-04-12 13:03:33
тактала элек болсо ошол жерди неге берет айыл өкмөт
+3
tilek121277
2018-04-12 14:42:13
ХХХХХХхххх дагы деле тактала элек деп алаксытып атышабы
0
jbolotov
2018-04-12 21:29:22
Эмне учун анда уй салууга жер берилген мурда? Чечим болгондуктан уруксат бергенда салууга? Эми тактала элек? Биздин чыккынчылар жерди беришкен окшойт артка кадам кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан