Ноокатта кыздарга жолугуу үчүн барган 2 жигиттин сабалышы боюнча дагы 4 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"10-апрелде аталган факты боюнча шектелип дагы 4 адам кармалган. Азыр кармалган адамдардын саны баш-аягы 14 адамга жетти. Алардын үчөө үй камагына чыгарылган, 11 адам убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Бул иш боюнча шектелип жаткан дагы 2 адам Кыргыз Республикасынан чыгып кетип, Орусиянын аймагында жүргөнү аныкталды. Учурда аларды кармап, Кыргыз жергесине алып келүү аракеттери көрүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугууга келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон. Кийин бул факты боюнча 10 адам кармалып, алардын үчөө үй камагына чыгарылган.