Ысык-Көлдө экинчи ирет "Карек" кинолагери старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Жаңыл Аскарбекова билдирди.
Маалым болгондой, кинолагерь 1-10-июль күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Ага 7 жаштан 17 жашка чейинки кино тармагына кызыккан мектеп окуучулары катыша алат. Максаты - бул чөйрөдөгү болочок адискөй чеберлерди эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү.
"Кинолагерге бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн болгону "Менин үй-бүлөм", "Менин үйүм" же "Менин досторум" деген темалардын бирине сценарий же баяндама жазуу кажет. Лагерден окуучулар кино тартууну эле эмес, боз үй тигүүнү, кийиз жасоону да үйрөнө алышат", - деди ал.
Ошондой эле кино жаатында белгилүү режиссёрлор Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Садык Шер-Нияз, Болот Шамшиев сабак берсе, кураторлук милдетти Сүйүн Откеев менен Азамат Арыков аркалай тургандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 15-ноябрында "Карек" алгачкы республикалык балдар фестивалы болуп өткөн. Ал эми 2017-жылы май айында аталган фестивалдын жеӊүүчүлөрү, жаш режиссёрлор Батыркан Ильясов менен Тимур Исхаков Түштүк Кореяда өтө турган "BIKY" эл аралык кинофестивалына жолдомо алышкан.