Бүгүн, 15-ноябрда "Манас" кинотеатрында "Карек" республикалык балдар фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аталды. Алгач бардык катышуучулар кызыл килем үстүнөн өтүштү. Садык Шер-Нияз, Сүйүн Откеев, Эрнест Абдыжапаров, Азиз Мурадиллаев сыяктуу кыргыздын белгилүү инсандары чыгып сөз сүйлөп, жаш таланттарга чыгармачылык ийгилик каалап өтүштү.
Фестивалдын жыйынтыгында:
"Мыкты монтаж" - "Эки достун укмуштуу окуялары" тасмасынын монтажёру Айдана Бекмурзаева;
"Мыкты оператор" - "Керемет ирмем" тасмасынын оператору Мухтар кызы Айгерим;
"Мыкты сценарист" - "Менин дүйнөмө кош келиңиздер!" тасмасынын сценаристи Аман кызы Мээргүл;
"Мыкты режиссёр" - Уланбек уулу Кайрат;
"Мыкты анимациялык тасма" - "Кошуналар" тасмасынын автору Баатыр Ильязов;
"Мыкты даректүү тасма" - "Битик" даректүү тасмасынын автору Таалайбек кызы Алтынай;
"Мыкты көркөм тасма" деп "Инсомния" тасмасынын автору Тимур Исхаков табылып, авторлорго атайын баалуу белектер тапшырылды.