ЖЫЛНААМА, 13-АПРЕЛЬ: Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы Кундуз Канатбек кызы: "Апамдан оригиналдуу белек алдым"

Бүгүн, 13-апрелде эстрада ырчысы Кундуз Канатбек кызы 31 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ал апасынан өзгөчө белек алганын айтты.

"Негизи туулган күнүмдү белгилегенди жактыра бербейм. Бирок курбуларым, жакын адамдарым куттуктап жаткан соң, чакан кече уюштурууну чечтим. Биринчилерден болуп туулган күнүмдү эске салып, оригиналдуу белегин тартуулаган инсан апам болду. Уктап турсам белегин маңдайыма коюп кетиптир. Аябай кубандым", - дейт ал.

Кундуз Канатбек кызы 1987-жылы 13-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштаган. Кийинчерээк топто ырдоо кыйынчылык жаратып, өзүнчө ырдап чыгууну чечкен. Башында сахнага чыкканга ырчы Айя Садырова жардам берген. Андан кийин Мурат Жолукеев менен иштешкен. 2013-жылы "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Кундуз айымга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу чыгарма алып келген.

"Атам мен төрөлө электе ооруп каза болуп калган. Апам күйүтүнөн улам эртеден-кечке ыйлай бериптир. Дарыгерлер “капаланып эле жүрөсүң, ичиңдеги балаң майып болуп калышы мүмкүн, алдырып сал” деп айтышкан экен. Дарыгерлердин сөзүнөн корккон апам мени боюнан алдырганы күнүгө ооруканага барат да, кезеги келгенде жүрөгү чыдабай кайра үйгө кетип калат. Ошентип жүрүп апам мени бул жарык дүйнөгө алып келген. Атам менден улуу эжем төрөлгөндө атын Кундуз деп коёт. Бирок чоң энем менен чоң атам эжемди Назгүл деп чакырып алышат. Улууларды сыйлоо каныбызда бар эмеспи, ошондон улам атам чоң атамдын койгон атына макул болот. Ошентип, атам жактырган Кундуз деген ысым мага арткан", - дейт ата-энеси тууралуу.

“Өзүм төрт бир тууган болгондуктан, мен дагы көп балалуу болгум келет. Азыр баарыбыз убак-убагы менен чогулуп турабыз. Бири-бирибизди дайыма колдойбуз. Жалгыз кыз болуп калсам эмне болмок деп ойлоно берем. Ошондон улам апам экөөбүз аябай жакынбыз. “Сен кетсең эмне болом? Артыңдан барып сени менен эле чогуу жашап алам го” деп айта берет. Апамдын мындай сөзүн укканымда ыйлагым келип кетет", - дегени бар.

13-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jusupova
2018-04-13 14:54:06
Бактылуу бол! Жакын арада озундун жанын менен бирге бол, омурун узун болсун деп Нарындык эжен Москвадан
+2
surgeon777
2018-04-13 15:08:10
Он-келбети,фигурасы,баардык жагынан топ келишкен кыргызымдын сулуусусун,сен,Элина,Айколдой нукура сулуулар аз,баардыгы тонна макияж менен коштуруп алышкан жасалма чач...
Кундуздай чачын,сулуулугун,жонокойлугун менен адамды суктандырасын,оз тенинди таап бактылуу болушунду каалайм!

+4
surgeon777
2018-04-13 15:09:07
Туулган кунун кут болсун!
Жылдыздардын кобу апрель айында торолушконбу дейм))
+1
al-abu-kinesz
2018-04-13 20:18:50
Анан качан :) ??!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан