13- Апрель 1987 -жылы Ырчы Кундуз Канатбек кызы туулган
Ырчы Кундуз Канатбек кызы Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамын Спорт Ордосунда чоң концерттердин биринде таштаган. Кийинчерээк топто ырдоо кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечкен. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова жардам берип, Мурат Жолукеев менен иштешкен. 2013-жылы продюсерлүү болуп, курбусу, "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Кундузга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу ыр алып келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан