Болсунбек Казаковдун Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунда орун басары болуп турган Бакытбек Мураталиев кармалды

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун башчысынын мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мураталиев 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалган.

Белгилей кетсек, Бакытбек Мураталиев учурунда Болсунбек Казаковдун орун басары болуп иштеген. Буга чейин мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков кармалган. Анын баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге 1 айга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nsh
2018-04-13 13:02:06
Эх чиркин жаш эле бала экен. Камаганга жараша жеген акчаларды кайтартыш керек казынага.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан