Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаковдун баш коргоо чарасы каралып, ал СИЗО-1ге 1 айга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Казаковдун ишин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен иш козголду. Тергөө амалдары улантылууда", - дейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков кармалганы кабарланган. Ал экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон 48 VIP-коттеджди арзан саткан деп айыпталууда.