Жалал-Абаддын базарындагы өрттөн 41 ишкер зыян тартты

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы өрттөн 41 ишкер зыян тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, учурда ишкерлердин күйүп кеткен материалдык чыгымдары такталууда.

"Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат. Так аныкталган соң кылмыш ишин козгоо маселеси каралат, анткени 41 ишкердин мүлкү күйүп кетти. Базардын күйгөн бөлүгүндө эт, жер-жемиштер жана кийим-кечелер сатылган", - дешти ОИИБден.

Эске салсак, кечээ, 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт чыккан. Өрт саат 02:00 чамасында башталып, толугу менен саат 6:30 чамасында өчүрүлгөн. Күбө өрт өчүрүүчү унааларда суу жок болуп, өрттү өчүрүү үчүн эл аралашканын айткан. Ошондой эле ал "базарды бирөө атайын эле өрттөп кетти" деген оюн билдирген.

Жалал-Абадда борбордук базардан өрт чыкты
Жалал-Абаддын борбордук базары өрттөн кийин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pandora
2018-04-14 11:09:01
Не болду? Базарга орт коймой моодага айландыбы? Неге Бишкекте биринчи болгон орт кырсыгынын бети дали ачыла элек? Же ал иште чон коллор барбы? Орттон жапа чеккендерди кудайым ушул жол менен сынап жаткандыр,бирок ошол эле учурда ортту койгон жана буйрук берген адамдарды элдин коз жашы тынч койбойстур.
+1
Akyl78.1501
2018-04-14 11:11:12
Сатуучулар оздору кунолуу пожарный орт башталганда эле келген болчу жол жабык машина киреалбай анча турду Сатуучулар месталарын чонойтушуп жолу жаап салышкан
+2
Pandora
2018-04-14 12:08:04
Akyl78.1501,+++ Бирок ошону базаркомдор козомолдоо керек эле!!! Кичине акча коп берип койсо кормоксон болуп койбой.Орт коопсуздугун сактоо ар бир адамдын милдети жана алаоды козомолдоо базаркомдун жана анын устунон пожарныйдан текшеруу керек эле!!!
+3
Diyana
2018-04-14 11:59:01
Тооба кылдым, эмне эле болуп атат акыркы кундору? Кырсык, балекеттен арылбай эле калдыкко. Пейил бузулду, коро албастар андан коп, элибизде ынтымак кеткендей, эх, айта берсе тугонбойт.
+3
alikgz
2018-04-16 09:27:12
Ошону учун азырак кошуп саткыла беш эсе коп кошпой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан